janylyktar images

Discover Best janylyktar Images of World

#food #travel #sports #news #may #friday

Кадамжай районунун аймагында үч айлык көрктөндүрүүнүн алкагында кезектеги массалык ишембилик уюшкандыкта өткөрүлдү. Ишембилике жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме- ишканалар, уюмдар, жергиликтүү тургундар катышып, жолдор, айыл аймактар таштандылардан тазаланып, имараттардын айланасы ирээтке келтирилди. Бак-дарактарды жана жол четтеринде актоо-сырдоо иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары ар бир айыл өкмөттүн кире беришиндеги аркалар сырдалып, жашылдандыруу иштери колго алынды. Таштанды таштоочу жайлар техника менен сүрдүрүлүп, тазаланды. Ошондой эле КРнын Министрлер Кабинетинин №171-тескемесине ылайык, алкагында райондун аймагындагы 80ден ашуун билим берүү мекемелеринин жамааттары "Бир окуучу бир көчөт" акциясын жогорку деңгээлде уюштурду. #kadam #batken #janylyktar #kadamjay_jaryya #jashtar

4/9/2024, 9:53:25 AM

Жаңы жетекчи-директор, юрист, филолог эжекебиз Дюшеева Нурай Дюшеевна, бизге жаңы жетекчи болуп дайындалды. Коллективибизге кош келиңиз! Мектеп жамааты Сизди жаңы кызмат ордуңуз менен куттуктап, Сизге жана Сиз жетектеген мекемеге иштерине ийгилик… аркалаган ардактуу да, жоопкерчиликтүү да оор кесипти тандаган эмгек жолуңуздарга ийгилик каалайбыз. Жетекчилик жөндөмүңүзгө, уюштуруучулук чеберчилигиңизге, таасирдүү тажрыйбаларыңызга, билимиңизге таянып биздин мекемени жигердүү жыйынтыктарга жана артыкчылыктарга жеткирет деп ишенебиз. Кош келиңиз. #osh #oshbilim #oshbb_official_page #oshbilim #mediasabak #mediaugolok #sharipov22 #top #janylyktar

2/18/2024, 9:13:05 AM

📢Сатылат Продаётся Бээ кулуну менен сатылат Жашы 7 жаш Бою 1,66 Кулуну Эркек 5 ай Баасы 300 мин ₽ WhatsApp+7 961 225 88 42 #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #туман #tuman #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #karachaihorses #horseskarachai #kavkaz #kabardinhorses

12/10/2023, 8:38:06 PM

🇰🇬🇰🇬 Ички иштер министри жетекчилик курамга жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарууну тапшырды. 🔶️ Бүгүн, 4-декабрь күнү өткөн онлайн кеңешмеде ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков өзгөчө көңүлдү элдин коопсуздугуна бурду. 🔶️ Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери, ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы катышты. 🔶️ Онлайн кеңешмеге катышкан ички иштер органдарынын жетекчилерине элдин бейпил жана коопсуз жашоосун камсыздоого катардагы милиция кызматкеринен баштап, жетекчилик курамдагы башчыларыга чейин жооптуу экендигин эскертип, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаруу керектигин дагы бир жолу эскертип өттү. 🔶️ “Элдин коопсуздугун сактап, коомго жигердүү кызмат көрсөтүү максатында, бир катар ыңгайлуу шарттарды түзүп, коопсуздук мейкиндигин түптөө боюнча кошумча иш-чараларды уюштурдук. 🔶️ Кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана аны алдын алууга, профилактикалык жана пропагандалык иштерди сапаттуу жүргүзүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдап, жаңы заманбап ыкмалар менен иштөө тартибине өттүк. 🔶️Эл аралык кызматташтык багытында натыйжалуу иштерди алып барып, элдин тынчын алган терс көрүнүштөргө, кылмыштуу окуяларга, коомчулук арасында резонанс жараткан фактыларга жеринде бөгөт коюу боюнча бир катар жаңы долбоорлорду даярдап, келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашырдык. 🔶️ Эң башкысы, бул иш-чара элдин коопсуздугун жана туруктуу жашоосун камсыздоого карата жүргүзүлүп жаткан актуалдуу маселе экендигин билдирем. 🔶️ Коомчулук менен иш алып баруу жумуштарын күчөтүп, профилактикалык жана сервистик тейлөө ишмердигин колго алыңыздар”,-деди өз сөзүндө ИИМ башчысы. 🔶️Андан сырткары, Ички иштер министри 2023-жылды ийгиликтүү жабуу боюнча негизги беш багыттан турган иш-чараларды белгиледи. Толук маалымат ИИМдин расмий сайтында. #mvd_official_kg #janylyktar #kyrgyzstan

12/4/2023, 1:10:23 PM

Сайлент Хилл 2.0 . #туман #осень  #fog #утро #москва  #autumn  #kokboru #кыргызстан #ноябрь  #nature #природа  #morning #город #туманноеутро  #city #доброеутро  #kyrgyzstan #питер  #almaty  #atchabysh  #attar  #bishkek  #janylyktar  #kokpar  #osh  #talas  #tokmok  #ulak

11/30/2023, 8:45:26 AM

📢Сатылат Продаётся Атасы Орловский Энеси полутяж 1,5 жаш Баасы 130,000₽ WhatsApp +7 961 225-88-42 #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #туман #tuman #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #karachaihorses #horseskarachai #kavkaz #kabardinhorses

11/17/2023, 8:35:37 AM

📢Сатылат Продаётся Атасын Полукровка Энеси Буденновский 5 ай Баасы 110,000₽ WhatsApp +7 961 225-88-42 #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #туман #tuman #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #karachaihorses #horseskarachai #kavkaz #kabardinhorses

11/17/2023, 7:25:59 AM

📢Срочно 🚨🔥 Сатылат 1) Бою 1.65см 1 Асый Улагына 100% гарантия. Лигада оноп журген ат. ыіссык-кел, Чолпон-Атада. Номер: 0709 600 069 Баасын чалышсын реальный клиентер. #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #туман #tuman #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #karachaihorses #horseskarachai #kavkaz #kabardinhorses

11/9/2023, 11:10:08 AM

🇰🇬🇰🇬 «Мыкты аскер бөлүк жоокерлердин энелеринин көзү менен» конкурсунун алкагындагы иш-чара. 🔷️ 2023-жылдын 7-ноябрь күнү 7704 аскер бөлүгүнө Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова жетектеген жумушчу топ аскер бөлүккө келип «Мыкты аскер бөлүк жоокерлердин энелеринин көзү менен» конкурсунун алкагында иш алып барышты. 🔷️ Белгилей кетсек үстүбүздөгү жылдын 18-апрель күнү да энелер комитети тарабынан түзүлгөн атайын топ жарыяланган конкурстун негизинде иш-алып барышса, бул жолу аскер бөлүктөгү 6 ай ичи жүргүзүлгөн курулуш иштери менен жакындан таанышты. 🔷️ Жумушчу топ аскер бөлүктүн өздүк курамы менен маектешүү өткөрүп, андан соң жоокерлердин кызматы жана аларга түзүлгөн жашоо – шарттарын көрүштү. 🔷️ Жумушчу топ аскер бөлүктүн 1-ротасынын өздүк курамы тарабынан даярдалган кылмыштуу топторду жок кылуудагы кол уруш жана курал менен ыкмаларды аткаруу боюнча көргөзмө сабакка катышты. #mvd_official_kg #kyrgyzstan #jalalabad #janylyktar

11/8/2023, 10:39:25 AM

Koi mujko yun mila hai 😭🔗🐼 . . . . . . . . . . . . . . #banjarmasin #banjara #banjarasongs #sadpoetrulovers😌 #sadpoetryurdu2021 #sadpoetryurdy #janylyktar #janybhidooo #mafkrnauperwale🙏😊😎 #mafkrnaplz🙏🏻 #jiodf

8/26/2023, 2:13:11 PM

📢Ассаламалеикум аиғыр жоғалды ташкенскиден самсаға бурылған тыраса жақтан жоғалды шүиіншіск бар.87472920831:87762561007 #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #туман #tuman #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #karachaihorses #horseskarachai #kavkaz #kabardinhorses

8/20/2023, 9:17:45 AM

Мындан 3 ай мурда биздин телеканал вагонду үй кылып жашаган Бакыт Жуманалиев аттуу жарандын тагдырын көрсөткөн. Анда каарманыбыз “Апам жана кызым ракка кабылган, жубайым жана дагы бир кызым башынан жабыркайт. Аларга тамак таап келип, кезек менен жуунтуп, карайм” деген эле. Жуманалиев ошол видеодо көрсөткөн кызы бүгүнкү күнү тилекке каршы чарчап калганын айтат. Ошондой эле SUPERTV’га видеоматериал жарык көргөндөн кийин кайрымдуу адамдардан 15 миң доллар чогулганын, ага үй сатып алганын кошумчалады. «Кызым ушул бөлмөгө 15 күн жатты. Андан соң кете берди. Элден чогулган каражатка ушул үйдү алдым. 15 миң долларга алдым. Баарыңарга чоң рахмат. Ушул үйдө жалаң жакшылык болсун деп тилеп жатабыз»,- деди ал. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/10/2023, 6:27:40 AM

Бүгүн, 9-июлда Улан-Батор шаарында расмий иш-чаралардын башталышынын алдында президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана анын жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тар чөйрөдө баарлашты. Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаровго өлкөгө сапар менен келүүгө чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Монголиянын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү үчүн түз диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи. Президент Садыр Жапаров монгол тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ухнаагийн Хурэлсухту жана монгол элин ушул күндөрү өлкөдө белгиленип жаткан Наадам улуттук майрамы менен куттуктады. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/10/2023, 6:14:56 AM

Депутат Жеңишбек Токторбаев кесиптеши Акылбек Түмөнбаевдин «Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын алуу демилгесин көтөрөм» деп берген маегин көрүп чыкканын айтып, өзүнүн ою менен бөлүштү. «Мен буга чейин бул маселени түпкүрүнөн талдап чыгып, экс-президенттердин артыкчылыктарын алуу боюнча мыйзамдын долбоорун демилгелегем. Бул мыйзам долбоору да коомчулукта, кесиптештеримдин арасында бир топ кызуу пикирлерди жаратууда. Кесиптешим Түмөнбаевдин мурдагы президенттердин ичинен Сооронбай Жээнбековдон гана экс-президент макамын алуу демилгеси туура эмес. Жаманбы-жакшыбы ал киши 3 жыл президент болду. Ооба, өзүн бийликке президент кылып алып келген досу Алмазбек Атамбаевди камады. Бул кадамы туура болгонбу же аша чапкандыкпы коомчулук өзү баасын берет. Андан сырткары Жээнбеков президенттин ыйгарым укуктарын аткарууда коррупциялык элементтерди ишке ашырып, мыйзамсыз иштерди жасады деп айтуудан да алысмын. Ырас, эгер чындап эле экс-президенттердин макамын ала турган болсок, анда эл өкүлү катары баарыбыз нейтралдуу болуубуз зарыл. Тагыраагы бүгүнкү күндө эки эле кишиде экс-президент макамы бар. Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековдо. Анда Роза Отунбаеванын да макамын алууну кароо зарыл. Мыйзам чыгаруучу органдын мүчөсү болгон соң адилеттүү болуп тандалма мамиле жасоого жол бербешибиз керек!» — деди ал. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 1:37:29 PM

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап акча талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, ИИМдин каттоосунда Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган жаран кармалды. Шектүү 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен Кыргыз Республикасынын жаранынан Мерседес S500 үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң долларын күч колдонуп тартып алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 1:35:17 PM

Ошто милиция кызматкерлери жана мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайды жок кылышууда. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. «Кара куурай» операциясынын алкагында 3-9-июль күндөр аралыгында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуунун 1-этабын өткөрүшүп жатышат. Бул наркотикалык өсүмдүктүн өскөн жерлерин тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Жапалак айыл аймагынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана 30 адамдан турган атайын бригада түзүлдү. Кечээ, 6-июлда Жапалак айылынын 9 гектар жер изилденип, анын ичинен 5800 килограмм жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен бул багытта иштерди аткарууну улантышууда. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 1:00:20 PM

Баткенде абитуриенттер үчүн ЖОЖго кабыл алууда жеңилдиктер каралды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Баткен облусунда ЖРТдан 100 упай алган бүтүрүүчү бюджеттик негизде, 95 упай алганы келишимдик негизде жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. «БатМУга 2023-2024-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууда гранттык негизде 100 упай, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына 95 упай бекитилди. Бул жеңилдиктин максаты, акыркы эки жылда Баткен облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин эске алуу менен, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат. 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү чек арада болгон окуядан кийин жабыр тарткан жарандар эвакуацияланып, окуучулар башка мектептерге окууга мажбур болгон болсо, Лейлек районун Максат орто мектеби, Баткен районунда Б.Ходжаев жана Достук орто мектептери күйүп, колдонууга жараксыз болгондуктан, окуучулар жыл бою онлайн режиминде окушту. Буга чейин да облус башчысынын сунушу менен 2021-2022-окуу жылында ЖРТнын босого баллын төмөндөтүү менен Баткен Мамлекеттик Университетине гранттык орундар берилип, чек аралаш айылдардан 144 студент бюджеттик, 266 студент келишимдик негизде окууга кабыл алынган», — дешти. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 11:34:24 AM

Чүй районунда сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-июль күнү Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй Каналына 20 жаштагы жаран сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, буга чейин издөө иштери жыйынтык бере элек. Мындан тышкары кечээ, 6-июлда Чүй районунун Садовое айылынын 1957-жылы туулган тургуну Чүй каналына чөгүп кеткен. Издөө иштери кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Кайрадан бүгүн, 7-июлда таң эрте Токмок шаардык ӨКБдан 4 куткаруучу, Чүй райондук ӨКБдан 9 куткаруучу, жардамга Ысык-Ата райондук ӨКБдан 6 куткаруучу, Аламүдүн райондук ӨКБдан куткаруучу тартылды. Учурда издөө иштери жүрүп жатат. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 11:07:02 AM

Маданият министри Алтынбек Максутов «Fusion Concept Кыргызстан» заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун тандоо турунун жеңүүчү бий тобу (Ома Ема) жана Жан Воинов менен жолукту. Сүйлөшүүдө Париж шаарында өтө турган финалдык беттешке катышуууга министрлик тарабынан ар кандай колдоо көрсөтүлө тургандыгы белгиленди. 18-июнда Бишкек шаарында Борбор Азиядагы эң чоң бий боюнча иш-чара өткөн. Тандоо турга Кыргызстандан менен катар Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден бийчилер катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык Ома жана Ема аттуу бийчилер жолдомону утуп алган. Эми алар Парижде өтүүчү “Fusion Concept” заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 10:40:25 AM

Кадамжайда милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кишини куткарып калды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Кечээ, 6-июль күнү Жийделик көлүнүн айланасында сууга чөгүп бараткан кишини милиция кызматкери байкап калган. Көлдөгү атайын куткаруучулар сууга чөгүп жаткан кишини куткармакчы болуп, бирок алы жетпей баратканын көргөн милициянын улук сержанты Расулжан Астанов сууга чөккөн жаранды куткарып чыккан. Куткарылган жаран Ош облусунун Алай районунун 41 жаштагы Исраил Алибаев экендиги белгилүү болуп, ал милиция кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Милициянын улук сержанты Расулжан Астанов төрт жылдан бери кызмат өтөп, 7 жолу ар кандай кылмыштын бетин ачууга катышкан. Былтыркы жылы да ушул көлмөдө кызмат өтөп жүрүп бир жаранды сууга чөккөн жеринен куткарып калган. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 8:29:41 AM

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Караколдо 5 жана 2 жаштагы кыздар ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткенин, издөө жүрүп жатканын билдирген. Бүгүн, 7-июлда саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан 2 кыздын сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди. Жогорудагы каргашалуу кырсык тууралуу Ысык-Көл ОИИБ маалымат берди. «6-июль күнү саат 20:50 чамасында Каракол ШИИБге 34 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 5 жана 2 жаштагы кыздары үйдөн саат 15:00 чамасында чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган маалымат катталып, издөө иштери башталган. Анда шаардын аймагында видео байкоочу камералар изилденип, дайынсыз жоголгон кыздар Каракол суусун көздөй багыт алышканы аныкталган. Ушундан улам, аталган суунун жээги боюнча издөө иштери Каракол ШИИБдин жана жергиликтүү ӨКМдүн өздүк курам тарабынан өткөрүлдү. 7-июль күнү кыздардын денелери Бөрү-Баш айылынын аймагынын Каракол суусунан табылды», — дешти. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 7:37:47 AM

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 5-июль күнү саат 20:20 чамасында милицияга Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн. Ал Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну экени, маркумдун жансыз денесинин жаткан жер эч ким жашабаган кароосуз калган бөлмөнүн ичинде катталып, денесинде жарааты бар экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча соттук-медицияналык экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 49 жаштагы Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалган. Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 7:32:47 AM

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Стамбулда дайынсыз болуп, кийин табылган кыргыз кыз 5-июль түнү апасы менен бирге Стамбул-Бишкек «Пегасус» аба каттамы менен Кыргыз Республикасына кайтып баргандыгын билдирди. 24-июнда Кыргыз жаранынан кызы акыркы эки күндөн бери байланышка чыкпагандыгы туурасында маалымат түшкөн. Анын айтымында, кызы Стамбул шаарынан Болгариянын Варна шаарына автобус менен бара тургандыгы белгиленген. Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматына мекендишибиздин Түркияга кирүү убактысын тактоо боюнча кайрылышкан. Кыргыз жараны эч тоскоолдуксуз Стамбул аймагына кирген деген маалымат алынган. Ал 5-июлда табылып, полицияга жеткирилген. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 6:57:31 AM

Адам уурдоого шектүү катары үч жаран кармалды. Алар өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкерлери катары тааныштырышкан. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 22-июнь күнү Бишкек шаарынын тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Арызында ушул эле күнү кечинде Сокулук айылынын көчөлөрүнүн биринен күч колдонуп, белгисиз адамдар арыздануучунун 46 жаштагы тууганын BMW X5 үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирип, аларга карата чара көрүп берүүнү суранган. Топтолгон документтердин негизинде 23-июнь күнү «адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Туугандары уурдалган жаран ишкерлик менен алектенип жүргөнүн билдиришкен. Видеобайкоо камераларынын жардамы менен унаанын мамлекеттик номуру аныкталган. Милиция кызматкерлерине шектүүлөрдүн жүргөн жерин тактоо үчүн бир күнгө жакын убакыт кетип, алар Ноокат районунун аймагынан табылган. Жергиликтүү милиция кызматкерлери конуштардын биринен шектүү унааны байкашкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Сокулук районунун 46 жаштагы жашоочусун табууга мүмкүн болгон. Шектүүлөр жана уурдалган жаран турган үйгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлери киришкен. Алынган маалыматка караганда, ишкерди уурдоо акча каражатын талап кылуу максатында уюштурулган. Кылмышка шектүү катары 1991 жана 2000-жылы туулган 2 жигит кармалган. Бардыгы Ноокат районунда туулуп-өскөн Бишкек шаарынын тургундары. Учурда соттун чечими менен кармалгандар эки айлык мөөнөткө камакка алынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 6:54:48 AM

Кечээ, 6-июль күнү «Ала-Арча» резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринин «алтын сертификаттардын» ээси болгон бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Садыр Жапаров «алтын сертификаттардын» ээлерине жана жогорку балл алгандарга Кыргыз Республикасынын президентинин мактоо грамоталарын, эстеликке белектерди тапшырды. Быйыл Кыргызстандагы мектептердин 54 бүтүрүүчүсү «алтын сертификаттарга» ээ болду. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/7/2023, 6:09:28 AM

«Шашлычная №1» кафесинде 8 адамдан турган үй-бүлө ууланды. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди. Анын айтымында, үй-бүлө Түркиядан учуп келип, жогорудагы кафеден тамактанышкан. «Андан кийин алар өздөрүн жаман сезип, медициналык жардамга кайрылышкан. Аларга амбулатордук дарылоо жүргүзүлдү. Өз кезегинде Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктаган. Мыйзам бузуулар жоюлмайынча кафе жабылат», — деди ал. Буга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкектин Каралаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан «Шашлычная» №1 кафеси жабылганын билдирген. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 2:17:38 PM

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов УКМКга сурак берген соң чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти. Депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 6-июлда бир нече тарапташы УКМКда суракка алынганын билдирген. Кармалгандардын арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Мирлан Ураимов жана Сандагүл Самиева бар экени айтылган. УКМК депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары боюнча маалымат таратып, алар өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн деп шектелип жатканын билдиришкен. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 2:13:42 PM

11-июль саат 08:00дөн 13-июль саат 08:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү аймагы Фрунзе – Аламүдүн дарыясы – темир жол линиясы – Панфилов көчөсү менен чектешет. Алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу Көк-Жар суу алгычында профилактикалык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул иш-чаралар таза суу системасын келерки сезонго даярдоого, шаардын бардык тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган. Бул маанилүү иштин жүрүшүндө суу алуучу жай эки күнгө убактылуу иштебейт. Мындай узакка созулган өчүрүүнүн себеби, резервуарларды дезинфекциялоо жана шаардагы суу түтүктөрүндө керектүү иштерди жүргүзүүнү камтыган иштердин чоң көлөмүнө байланыштуу. Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну белгиленген мөөнөткө чейин камдап алууну суранат. “Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаар тургундарына мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында белгиленген мөөнөттө алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө бардык күч-аракетин жумшайт. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 2:11:23 PM

КУУнун окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча предметтик-методикалык комиссиясынын окутуучусу тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталган. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында КУУнун Юридикалык колледжинин атайын дисциплиналар боюнча ПМКсынын улук окутуучусу окуудан чыгарам деп коркутуп, жогоруда аталган окуу жайдын 1-курсунун студентинен акча талап кылган. Опузалап акча талап кылуунун негизги шылтоосу жайкы экзамендик сессияга киргизбейм деп коркутуу жана андан кийин окуудан чыгаруу болгон. Сессияга уруксат алуу жана баа койдуруу маселесин чечип берүү үчүн 1-курстун студентинен 25 миң сом талап кылган. Ал атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 25 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда башка ушул сыяктуу фактыларды жана жабыркаган адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 1:58:34 PM

Президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровдун камакка алынганы тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков маалымат берди. «32 жаштагы Улан Жапаров (тууганы Ракымжан Жапаровдун баласы) президенттин тууганы экени анык. Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды. Тактап кетейин, Садыр Жапаров кимде-ким мыйзам бузса, жакындары экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт. Ошондой эле президенттин анын жакындарынын, жогорку кызматтагы жетекчилердин атын жеке кызыкчылыктарына пайдалангандарга дагы катаал чаралар колдонуларын эскертебиз», — деди ал. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 11:50:06 AM

Социалдык тармактын колдонуучулары Маевкада катталган жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат. Маалыматтарга караганда, Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан 2 адам каза болгон. Окуя боюнча Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы маалымат таратып, кырсык кечээ, 5-июль күнү саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Маевка айылында катталганын, тергөө жүрүп жатканын билдиришкен. «Маевка айылында Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Жол кырсыгынын кесепетинен көз жумгандар бар. Азыркы учурда бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилип, тергөө амалдары жүрүүдө», — дешкен милициядан. Ал эми президенттин кеңешчиси Болот Ибраимов соцтармактагы баракчасына айдоочунун ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери экенин, ал сыра ичкенин айткан. Кырсыкта 2 адам жаракат алган жана экөө тең алган жаракатынан каза болгонун кошумчалады. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 11:33:17 AM

Президент Садыр Жапаровдун тууганы делген Улан Жапаров кармалганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал «Коррупция» беренесинин негизинде шектелип жатат. 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу экени айтылды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан анын 26-июлга чейин камакка алынганын билдиришти. Анын инициалдары Жапаров Улан Ракымжановичтин ысымына туура келип жатат. ИИМ маалымат бере элек. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 11:14:25 AM

6-7-июлда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. ӨКМ арыктарды жана дренаж каналдарды тазалоо керектигин эскертти. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 11:12:08 AM

Бүгүн, 6-июлда саат 07:00дө депутат Адахан Мадумаровдун бир нече тарапташы суракка алынды. Бул тууралуу журналисттерге депутат өзү билдирген. Муну ал Ленин районундагы Жогорку Кеңешке шайлоо менен байланыштырган. Кармалгандардын арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Мирлан Ураимов жана Сандагүл Самиева бар экени айтылууда. УКМК маалымат бере элек. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 11:06:22 AM

Ошто 2 мас абалындагы жигит милициянын кайгуул кызматкеринин денесине жаракат келтирген. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. 2-июль күнү саат 05:00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкери милициянын старшинасы өзүнүн бөлүнгөн аймагында кызматын өтөп жатып, Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаасын тосуп, тиешелүү документтерин текшерип жаткан учурда, ошол эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан белгисиз жарандар кызматкерге тоскоолдук көрсөтүп, денесине жараат келтиришкен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталган. Шектүү катары кармалгандар Ош шаарынын 2005 жана 2000-жылы туулган жарандар экени, окуя болгон учурда мас абалында экени аныкталган. Кармалган шектүүлөрдүн Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 2-августка чейин камакка алынды. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 10:51:41 AM

Милициянын майору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан 5-июлда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору кармалган. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (куралды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган кызматкер Ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган. Милициянын майорунун жашаган жеринен издөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дарылар табылган. Тактап айтканда, ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната, 200 даана 9 мм калибрлүү ПМ патрону, 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону, 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору жана 72 даана помпонун патрондору. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 10:50:34 AM

«Кыргыз өлкөсүндө тойлордун убактысын 3 саат гана кылыш керек» деген Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абыловдун пикири коомдо талкууга алынып, ага макул да, каршы да болгондор ар тарап ойлорун айтышууда. SUPERTV телеканалы бул пикир боюнча талкуу кылдык. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев да катышып, 2017-жылы 3 депутат дал ушул маселени көтөрүп чыгышканын, бирок аны башка кесиптештери колдобой койгонун айтты. «Коомчулук, Муфтият колдогон. 6-чакырылыштын депутаттарынын көбүнүн рестораны болуп, мыйзам долбоор өтпөй калган. Той-аш болгон жакшы. Бирок чектен ашып кетип жатабыз. Муну тыюу мүмкүн эмес, бирок эреже киргизүү керек. Азыр бизде президенттик башкаруу. Президент бул боюнча буйрук чыгарышы зарыл. Ал жерде баары так-даана жазылышы керек», — деди ал. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 10:16:17 AM

Жалал-Абад шаарында уюшкан кылмыштуу топтун «Чач» каймана аттуу мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, ал физикалык күч колдонуу менен коркутуп, жергиликтүү соода базарлардагы ишкерлерге салык салууга аракет кылган. «Тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тинтүү учурунда кармалган жарандан гашиш табылган. Ал кароого жөнөтүлдү. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизатын колдонгону текшерилип, анын баңгизат колдонгону аныкталган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылат маалыматта. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 7:41:01 AM

Президент Садыр Жапаров 9-11-июлда өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти, премьер-министр, Монголиянын улуу мамлекеттик Хуралынын төрагасы менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашат. Улан-Батор шаарына болгон сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи да болот. Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Монголиянын достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү жөнүндө Биргелешкен декларациясына, ошондой эле экономика, санариптештирүү, айыл чарба, курчап турган чөйрөнү коргоо, токой экосистемаларын өнүктүрүү жана башка чөйрөлөрүндө кызматташуу жөнүндө бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык байланыштарды бекемдөө максатында Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда боордош байланыштарды түзүү боюнча макулдашууларга кол коюшат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/6/2023, 7:10:34 AM

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Анда Кыргыз жарандарынын Түркияда жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды. Элчи 22-июнда Стамбул шаарына келип, туугандары менен байланышка чыкпай калган Кыргыз Республикасынын 2003-жылы туулган жаранынын жана башка жарандардын жайгашкан жерлерин аныктоо маселесинин маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Өз кезегинде Түркиянын ички иштер министринин орун басары бир катар актуалдуу маселелер боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлигиндеги кесиптештери менен активдүү иш алып баруу жана өз ара аракеттенүү тууралуу маалымат берди. Кыргыз жарандарын издөөгө байланышкан иштер жеке көзөмөлүндө экенин, ошол эле учурда издөөдө жүргөн жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тапшырмаларды бергенин баса белгиледи. Жолугушуунун аягына чейин Түркиянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Кыргыз жараны Стамбулдун Кадыкөй районунда табылганын билдиришкен. Ал жакынкы арада туугандарына өткөрүп берилет. Кыргыз тарап ошондой эле Кыргыз жана Түрк жарандарынын өз ара сапарлары, анын ичинде ички паспорттор боюнча жана Кыргыз жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимдин мөөнөтүн 90 күндөн 180 күнгө чейин кеңейтүү маселелеринин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Кыргыз жарандарынын Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү жана алардын мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн узартуудан баш тартуулардын санын азайтуу өтүнүчү айтылды. Элчи ошондой эле түрк кесиптештерине мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарына айыпсыз жана тыюу салуусуз чыгып кетүү жана андан ары мыйзамдаштыруу максатында миграциялык мунапыс берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Министрдин орун басары кыргыз тараптын сунуштарын изилдеп жана Түркиянын кызыкдар органдары менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/5/2023, 1:59:30 PM

Жалпы республикалык тестке 51 миң 73 адам катышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Бул жылы ЖРТнын максималдуу көрсөткүчү – 236 упай, эң азы – 29 упай, орточо – 121,8 упай болгон. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/5/2023, 1:53:57 PM

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди кабыл алды. Анда программанын алкагында аткарылып жаткан иштер талкууланып, мерчемделген долбоорлор тууралуу сөз болду. “Азыркы тапта Кыргызстандын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу жаатында көп иштер жасалууда. Андыктан аталган программанын алкагында да БУУнун Өнүктүрүү программасы менен кызматташууга кызыкдарбыз. Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык таза технологияларды жайылтуу жана жашыл экономиканын үлүшүн жогорулатуу жаатында да биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну көздөйбүз”, – деди Шакиев. Мындан тышкары, 2022-жылдын 14-декабрында Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы жарыяланганын айткан төрага “Кыргызстан тарап бул беш жылдык пландын алкагында тиешелүү жол картасынын долбоорун иштеп чыкты. Андыктан аны ишке ашыруу боюнча да тыгыз иш алып баруу башкы максатыбыз” деп кошумчалады. Сөзүнүн аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Луиз Чемберлендин ишине жогору баасын берип, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү катары жигердүү эмгектенгенин белгилөө менен Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Ал эми Луиз Чемберлен Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы тарабынан аткарылган иштерге кеңири токтолуп, Туруктуу өкүл катары иштеген мезгил аралыгында көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. “Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Жогорку Кеңештин ролу чоң. Андыктан калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүп, бардык багыттагы байланыштарды кеңейтүүнү улантабыз. Айрыкча, Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагында тыгыз иш алып баруубуз кажет”, – деген ал экология, жашыл экономика, санариптештирүү жаатындагы долбоорлор тууралуу сөз кылды. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/5/2023, 1:26:43 PM

Социалдык тармакка Жалал-Абад шаарында тартылган видео тараган. Анда темир көтөргөн балдар шаардагы дүкөндүн алдында ызы-чуу салышканын көрүүгө болот. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришип, видео 2-июль күнү тартылганын, текшерүү иштери жүрүп жатканын билдиришкен. Жалал-Абад милициясы супермаркеттин алдындагы ызы-чуунун катышуучуларын аныктаганын билдирди. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Азыркы учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча ызы-чуу пикир келишпестиктен улам келип чыккан. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/5/2023, 12:21:32 PM

Стамбулда эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыз аман-эсен табылды. Маалыматты Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Би-би-Сиге билдирген. Башкы консул кыз качан жана кимдер тарабынан табылганын тактаган эмес. 24-июнда Кыргыз жаранынан кызы акыркы эки күндөн бери байланышка чыкпагандыгы туурасында маалымат түшкөн. Анын айтымында, кызы Стамбул шаарынан Болгариянын Варна шаарына автобус менен бара тургандыгы белгиленген. Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматына мекендишибиздин Түркияга кирүү убактысын тактоо боюнча кайрылышкан. Кыргыз жараны эч тоскоолдуксуз Стамбул аймагына кирген деген маалымат алынган. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/5/2023, 10:35:40 AM

Тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы музейи 5-июлдан 28-августка чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу аталган музейдин соцтармактагы баракчасында жазылды. Ал эми Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин, туристтик жолдор саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/5/2023, 10:19:13 AM

Улуттук онкология борборунда аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 6-июлдан 13-июлга чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Кароо Кытайдан келген Нанкин медициналык университетинин адистери тарабынан жүргүзүлөт. Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин УОжГ борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) келе алышат. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек. Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдан ала жазылуу менен жүргүзүлөт. Көңүл бургула! Скринингге каршы көрсөтмөлөр бар: — кош бойлуулук; — этек кир; — скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга да жасалбайт. Скринингден 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/5/2023, 10:15:41 AM

📢Айғыр сатылады ⚜️бойы 1.60 ⚜️7жасар ⚜️Қызылорда облысы ⚜️800мың 📞87476008556 #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошади #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #кыргызстан #кокбоору #скачки #лошадь #туман #tuman #кокбору #кыргызстан #казакстан #кокпар #кокборукыргызспортунунжузу #kokboru #bishkek #osh #talas #tokmok #almaty #kokpar #kyrgyzstan #janylyktar #kokboru #ulak #attar #atchabysh #тамашоу #новости #москва #karachaihorses #horseskarachai #kavkaz #kabardinhorses

7/5/2023, 8:27:14 AM

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Каракол капчыгайында жайгашкан бийик тоолуу Ала-Көл көлүнө 1996-жылы туулган жарандар 2-июль күнү жолго чыгып кетип, ошол бойдон байланышка чыкпай жаткан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жерине 5 куткаруучу тартылып, аталган жарандарды аман-эсен таап, тоодон түшүрүштү. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/5/2023, 7:04:27 AM

Бишкектеги Ахунбаев менен Мавлянов көчөлөрүнүн кесилишинен Аламүдүн каналына 1983-жылы туулган эркек киши түшүп кетип, бутуна тура албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, каналда суу болгон эмес. Жерине 5 куткаруучу тартылып, аталган кишини каналдан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/5/2023, 7:02:15 AM

Бүгүн, 4-июлда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Көрүнүктүү маданият ишмерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына Маданият министри Алтынбек Максутов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, бир катар маданият ишмерлери, маркумдун туугандары жана жакын санаалаштары катышты. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айлында туулган. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/4/2023, 1:32:41 PM

“2023-2024-окуу жылына башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алууну уюштуруу жөнүндө” буйрук чыкты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты. Буйрукка ылайык, 2023-2024-окуу жылына кесиптик лицейлерге кабыл алуу 3-июлдан 30-августка чейин онлайн режимде жүргүзүлөт. Кабыл алуу билими жөнүндөгү документтин орточо баллынын негизинде болот. Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине окуучуларды кабыл алуу, которуу жана окуудан чыгаруу эрежелерине ылайык, жалпы орто билимге жана жалпы негизги билимге ээ мектеп бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/4/2023, 1:31:41 PM

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Volkswagen LT 46» үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Бажылык текшерип кароодо унаанын жүк бөлүгүнөн ар бири 7,5 килограмм салмактагы 15 коробкада жүзүм; 357 кутуда 7,9 килограмм өлчөмүндө гилас табылган. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери жок болгон. Кармалган товардын жалпы салмагы 2938,8 килограммды түзгөн. Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 438 миң 795 сом. Факты боюнча чогултулган материалдар Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/4/2023, 1:18:56 PM

Өзбекстандын Centrum Air авиакомпаниясы 14-июлда Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча түз авиакаттамды ачууну максат кылууда. Каттамдар жумасына 1 жолу — жума күндөрү аткарылат. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/4/2023, 7:37:18 AM

Кечээ, 3-июлда издөө иштеринин натыйжасында Нарын шаарынын 68 жаштагы тургунунун сөөгүн таап, куткаруучулар суудан чыгарып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Нарын районуна караштуу Куланак айылында суу курулмасына коркунуч жаратып жаткан Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө учурунда айдоочу экскаватору менен түшүп кеткен. Аны издөө иштерин улантуу максатында Нарын райондук №16 ӨКБдан 19 куткаруучу тартылган. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/4/2023, 7:19:24 AM

Кичи-Өрүктү айылынын 46 жаштагы тургуну Балбай айыл аймагына караштуу Төлөн коктусунда 27-июнунда мал кайтарганы кетип, байланышка чыккан эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. 2-июлда туугандары өз алдынча издөөдөн жыйынтык чыкпагандыктан, кечээ, 3-июлда туугандары куткаруучуларга кайрылышкан. Издеп-куткаруу үчүн ыкчам түрдө Түп райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу, РИИ бөлүмүнөн 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам аттары менен тартылган. Жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөөнүн натыйжасында кечээ күнү изделген адам канааттандыраарлык абалда табылды. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/4/2023, 7:01:13 AM

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалы тарабынан жалпы беш чакырым аралыктагы жолго асфальт төшөө иштери колго алынган. Азыркы учурда анын төрт чакырымы бүткөрүлдү. Жумуш аяктаса айылдагы негизги каттамда шарт жакшырат. Мындан сырткары дем берүүчү грант жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен ички жолдор оңдолууда. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/4/2023, 6:51:09 AM

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-Саммитинин ишине катышат, ал видеоконференц-байланыш форматында өтөт. Индиянын төрагалыгы алдында өтө турган ШКУнун бул Саммитинин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышат. Мындан тышкары, иш-чарага алты эл аралык жана регионалдык уюмдардын жетекчилери катышат: БУУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (АСЕАН), КМШ, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелер (СВМД). Саммитте Иран Ислам Республикасы ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамын алары белгиленет. Ошону менен бирге Саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Нью-Дели декларациясына кол коюлат, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге алып баруучу радикалдашууга каршы аракеттенүү жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин билдирүүсү, 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУну экономикалык өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө чечим, ШКУга мүчө мамлекеттердин транспортту декарбонизациялоо, жогорку натыйжалуулукка жана туруктуулукка жетишүү үчүн санариптик трансформацияны жана инновациялык технологияларды илгерилетүү боюнча кызматташуу концепциясын бекитүү жөнүндө, ошондой эле бир катар башка документтер кабыл алынат. ШКУнун 22-саммити 2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Самарканд шаарында көзмө-көз форматта өткөн. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/4/2023, 6:47:53 AM

Бүгүн, 3-июлда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Күн тартибинде Ош шаарынын аймагындагы өзүм билемдик менен курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу маселеси каралды. Бакытбек Жетигенов курулуш компанияларынын мыйзамсыз аракеттерине жол бербөө чаралары күчөгөнүнө карабастан, тиешелүү уруксат кагаздарын албай туруп, курулуш иштерин баштап жиберген учурлар катталып жатканын белгиледи. «Тилекке каршы, быйыл да тиешелүү уруксат кагаздары жок имараттарды, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун өз алдынча баштап жиберген учурлар катталууда. Мындай көрүнүштөргө катуу чара көрүп, кимге тиешелүү болбосун баарын токтотуу керек. Архитектура, мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы, аймактык башкармалыктардын башчылары шаар аймагында кандай гана курулуш иштери болбосун, силер биринчи кабардар болуп, мыйзамдуулугун карап чыккыла. Эгер уруксат кагазы жок кайсы жерде мыйзамсыз курулуш жүрүп жатса, кызмат абалына, кимге тиешелүү экендигине карабастан коомчулукка ачык жарыялоо зарыл. Жарандар турак-жай сатып алууда, курулуштар эрежелерди бузуу менен курулуп жатканын билүүгө тийиш», — деди калаа башчысы. Жыйындын жүрүшүндө шаардагы инфраструктуралык курулуштардын жумуштарынын жүрүшү жана каржылоо маселелери талкууланып, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабы коюлду. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/4/2023, 6:38:40 AM

Кечээ, 2-июлда Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. Расмий сапардын алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министрлерин сүйлөшүүлөрү, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулар пландаштырылган. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 8:05:22 AM

Ош облусунун Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайку унаа жолунун 41-43,2 чакырымдык бөлүгүндө асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Анда жалпы узундугу 2 чакырым 200 метр асфальт-бетон төшөлдү. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» ишканасынан маалымдашты. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 8:02:02 AM

Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул иш-чара УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлдү. 1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Кара-Суу районунун тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом төлөп турууну талап кылышканы аныкталды. Натыйжада 29-июнда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы жарандар кармалды. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 8:01:24 AM

Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Ой айылында жаңы мечиттин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты. Мечиттин ачылышына Учкун айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Эркин Өмүрзаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров жана айыл тургундары катышты. Климаты катаал келген Нарын районуна салынган мечиттин ички, сырткы жылуулугуна, кынаптап кооз салынганына айыл тургундары жогорку баа беришкенин казыяттан кабарлашты. Мындан сырткары мечиттин сырткы короосу да тосулуп, документтери толук бүткөрүлүп айыл элине өткөрүлүп берилгени айтылды. Рустам Чыров мечитке демөөрчүлүк кылган Нурлан Токтобековго терең ыраазычылык билдирди. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 7:34:16 AM

«Мен каршымын! Атанын аты менен гана тукум сүрүштүрүлөт. Эртең Конституциялык соттун маалыматы чыгат». Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кечээ, 2-июлда соцтармактагы баракчасына жазды. Өлкөдө 16 жашка толгон жаранга апасынын ысымын алууга уруксат берилгени маалымдалды. Жөнөкөйлөтүп айтканда, паспортко «атасынын аты» деген графага жаран апасынын ысымын жаздыра алат. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 6:52:51 AM

Бүгүн, 3-июлда жакынкы бир саат аралыгында күндүзү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти. Катуу шамал учурунда: — Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз; — Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз; — Көз айнек кийиниз. ☎️ Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 6:51:49 AM

«Профсоюздан бардык курортторду алып, президенттин иш башкармачылыгына берүү керек». Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына жазды. Ал билдирүүдө убагында атагы чыккан эс алуу курорттордун бири Жыргалаңдын сүрөттөрүн да жарыялады. Анын айтымында, талкаланып калган курорт президенттин демилгеси менен оңдолуп жатат. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 6:43:06 AM

Транспорт министрлиги MadWay Rally жарышы үчүн ашуу тазалап, жол ачты. Бул тууралуу министр Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жарыялады. «Өзгөчө жолтандабастардын жарышы үчүн бир нече жыл мурда жабылып калган Проходной ашуусунун жолу тазаланып, ачылды. Аталган ашуу аркылуу өткөн Өрнөк — Көк-Ойрок унаа жолун тазалоо иштери 1-июнда башталып, “Кыргызавтожол” ишканасынын Ысык-Көл филиалынын кызматкерлеринин тынымсыз аракетинин натыйжасында 25инде жыйынтыкталган. Аталган жол мындан 25 жыл мурда ашар жолу менен салынган. Бирок жайы-кышы кар жатып, көчкү көп түшкөндүктөн жол кайрадан жабылып, унаа кыймылы токтотулган», — деп жазылат билдирүүдө. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 6:42:13 AM

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр акенин 200 жылдык, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелерине арналган «Улут баскан улуу жол» аттуу IV-этно фестивалынын алкагында өткөн кароо-сынактарда Ош шаары байгелүү орундарга ээ болду. «Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы» жана «Этно мода» сынагында 1-орундарды камсыздашса, «Хан боз үйлөр жасалгасы жана каада-салт» сынагында 2-орунга татып акчалай сыйлыка татышты. «Улут баскан улуу жол» аттуу этно фестивалдын алкагында эл аралык «Кыргыз-Казак» айтышы, «Ысык-Көл – Боз үй мекени», «Хан боз үйлөр» жана «Каада салт», «Кол өнөрчүлөр жана шырдак дүйнөсү», «Этно мода», «Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы», «Тарыхтан калган так теке» сынактары уюштурулган. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 6:40:29 AM

Президент Садыр Жапаров 1-июлда “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салып, ага старт берди. Долбоорго ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer E170/E175 жана алардын аналогдору менен келген жүргүнчүлөрдү тейлөөгө ылайыкталган. Жаңы аэробекеттин 3 кабаттуу имаратынын аянты 18 424,5 чарчы метрди түзүп, ал саатына 450 жүргүнчүнү тейлейт. Учурда өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 адамды түзөт. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 6:35:49 AM

2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, муфтийдин биринчи орун басары Самидин Атабаев Мекке шаарында өткөн ажылыктын жабылуу аземине катышты. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты. Уюштуруучулар ажылыкты уюштурууда жана “Масар электроник” порталындагы алгылыктуу иштери үчүн Кыргызстан тарапка ыраазычылык билдирип, кийинки жылга ажылыкты алып баруу боюнча нускаманы жеринде тапшырды. Кыргызстандык ажылар 6-июлдан баштап Кыргызстанга кайтып келе башташат. #serepmedia #serepkg #janylyktar

7/3/2023, 6:31:58 AM

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Ал шаардын аталышы кандай тандалганын айтып берди. «1,5 жылдан бери акылдуу шаардын бир нече долбоору даярдалды. «Асман» шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок. Себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар. Бүгүн биз конкреттүү инвесторлор менен “Асман” экологиялык шаарын курууга капсула салууга изги ой-тилек, жакшы максаттарды коюп, ири долбоорду “быссымылда” деп баштап жатабыз. Биз акылдуу шаарыбызды эмне себептен “Асман” деп атап жатабыз? Асман орусчага небо, англисчеге скай (sky) деп которулат эмеспи. Биз дагы өз дараметине ишенүү менен жаңы-жаңы бийиктиктерге умтулуунун, алдыга чоң-чоң максаттарды коюп, аларды иш жүзүнө ашыруунун символу болуп калсын деп жакшыга жоруп, аруу тилек кылып, ушундай ысым ыйгарып жатабыз. Кудай буюрса, Асман шаары ар бир позитивдүү адамдын өз бийиктигин таба алган, ой-кыялдарын орундата алган керемет жайына айланат. Албетте, шаар куруу, айрыкча, акылдуу шаар куруу – бул өтө тыкыр пландоону, эксперттик жана координациялык аспектилерди талап кылган абдан татаал технологиялык процесс», — деди ал. #serepmedia #serepkg #janylyktar

6/30/2023, 11:17:19 AM

«Кыргыз автобекети» Бишкек-Алматы багытында автобустар үзгүлтүксүз каттап жатканын эске салат. Күн сайын 08:00, 10:00, 12:00, 14:00, 16:00 жана 18:00до Батыш автобекетинен Бишкек-Алматы (Кыргызстан — Казакстан) эл аралык каттамы боюнча көп орундуу автобустар жүрүүдө. Билеттин баасы 500 сомду түзөт жана аларды автобекеттин кассасынан алууга болот. Ал эми Алматыдан Бишкекке автобустар жогоруда көрсөтүлгөн сааттарда чыгат. Билет баасы 2500 теңге. #serepmedia #serepkg #janylyktar

6/30/2023, 10:54:25 AM

Кечээ, 29-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин экинчи сессиясынын жабылуу аземи өттү. Төрага Нурланбек Шакиев аткарылган иштерге токтолуп, экинчи сессияда 75 жыйналыш өткөрүлгөнүн маалымдады. “Жалпы 222 мыйзам долбоору жана 1394 токтом кабыл алынды. Анын ичинен биринчи жолу конституциялык макамга ээ “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алууга жетиштик. Муну менен катар Башкы прокурордун, Эсеп палатасынын жана Улуттук банктын төрагаларынын отчеттору каралып, Акыйткатчынын, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жасаган иштери боюнча маалымат алдык”, – деди. Орчундуу маселелер боюнча 6 убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, иштегенин айткан төрага: “Бардык жыйындар ачык-айкын көрсөтүлүп, отурумдар түз эфирде чагылдырылды. Жогорку Кеңештин башкы максаттарынын бири эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, шайлоочулардын ишенимин актоо болгондуктан, жарандар менен да түздөн-түз иштөө жигердүү улантылды. Ар кандай жолугушуулар өтүп, депутаттар иш сапарлары менен аймактарга барып турушту. Ал эми тармактык комитеттердин көчмө жыйындары облус-райондордо байма-бай уюштурулду”, – деп кошумчалады. Андан тышкары, эл өкүлдөрү саясий-экономикалык, социалдык жана сот-укуктук реформаларга өзгөчө көңүл буруп, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган мыйзамдарды күчтөндүрүү үстүндө иш алып барганын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Мындан ары да мамлекетибиздин мыйзамдык базасын чыңдоого, Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында каралган программалык милдеттерди ишке ашырууга аракет кылып, күчтүү мамлекет курууга умтулабыз”, – деди. #serepmedia #serepkg #janylyktar

6/30/2023, 9:40:14 AM